Мас болуп аялынын төрт кабыргасын жана манжаларын сындырып салган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мас болуп келип аялын сабап, кабыргасы менен манжаларын сындырып салган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта, окуя ош шаарында 22-февралда катталган. Милицияга борбордун тштк тарабынын 35 жаштагы жашоочусу  арыз менен кайрылган. Анын айтымында бир күн мурун күйөөсү мас абалында келип, аны жаман сөздөр менен тилдеп, ур-токмокко алган. Буга чейин да күйөөсү кол көтөрүп келгенин жашырган эмес. Соттук-медициналык экспертиза аялдын төрт кабыргасы жабык сынганын жана сол колунун манжасы сынганын көрсөткөн.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен катталган.

Шектүү кылмыш жасалгандан бери жашырынып 8-март күнү кармалган. Эркек күнөөсүн мойнуна алып, ошол күнү мас болгонун айткан.

Шектүү 41 жашта, мурда эки жолу соттолгон. Ал ИВСга жайгаштырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Аргумент.kg