Маршруткада чөнтөкчү болгон шылуун кармалды
01-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваУурулукка шектелген жаран кармалды, деп Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, кылмыш 19-октябрда кечки саат сегиздер чамасында кичи автобуста болгон. Жүргүнчүнүн курткасынын чөнтөгүнөн баасы 19 000 сомду түзгөн смартфон чыгарылган.
Андан кийин бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси («Уурдоо») менен каттоого алынып, бирок кылмышка шектүу кармала элек болучу.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Р.А. колго түшүп, учурда ИВСга жайгаштырылды.
Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга катышуусу бар экенин билдирүү менен жабыркагандар болсо кайрылышын айтышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.