Марат Иманкулов профессионалдык ишмердигин, эрдигин көрсөтө албады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов оор күндөрү ыраатсыз сүйлөп, дырылдап, коомчулуктун кыжырына тийип турду. “Кол салуу болорун билгенбиз” дейт. Бирок даярдык көрбөптүр. Тойлордон бошобой жүрсө керек да. А болбосо 59 жараныбызды кырдырып коюп, 200 адамды жаракат кылдырып, карап отурганы кандай? Ооба, оор соккулар орун алды. Эгерде тийешелүү органдар алдын ала даярданса, балким жоготуулар кескин түрдө аз катталмак, туурабы? Согуштун залалын быйыл эле көрүп аткан жокпуз, былтыр да тажиктер кол салып, талкалап кетишкен. Андыктан, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов сергек, өз ишине кесипкөй мамиле кылса жарашмак. Тилекке каршы, эрдигин көрсөтө албай, кекечтене сүйлөп, интервью бергенин койбоду. Бул да өзүнчө пиарщик экен.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg