
Манасчы Рысбай Исаков 50 мамлекет катышкан сынакта 1-орунду алды
10-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМанасчы Рысбай Исаков Эл аралык айтуучулар сынагында биринчи орунду багындырды.Бул тууралуу манасчы социалдык баракчасына жарыялады.
«Өзбекстан. Гүлистан. 50 мамлекеттен катышкан айтуучулар фестивалы. Жергиликтүү эл айтуучуларды бакшы деп атайт экен. Андыктан туура эмес кабыл албагыла. 1-орун. Куттуктай берсеңер болот»-деген ал.
Маалым болгондой ,өткөрүлгөн сынак Гулистан шаарында болгон.
Белгилей кетсек,манасчы Рысбай Исаков 124 саат боюу тынымсыз «Манас» айтып Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Булак:Аргумент кж