
Манас районунда 2 га жер өрттөндү
26-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваӨзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, сутка ичинде Кыргызстанда 6 өрт кырсыгы катталды.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Талас облусунун Манас районунда болжол менен 2 га жер өрттөнүп кеткен. Аталган өрт боюнча белгилүү себептер жок.Учурда өрттүн себеби такталууда .
Ошондой эле, айрым аймактарда турак үйлөрдүн ичине өрт чыккан.
Булак:Аргумент кж