Мамытовдун жандоочусу Юнусов баш болгондор кылтакка илинишеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңешти Талант Мамытов жетектеп турган убактагы мезгил талданып, эшек жайлоого айланткан бир топ чиновниктердин үстүнөн кылмыш иштери козголуп, жакында колдоруна темир кишен салынары айтылууда. Алардын анабашында ЖоКенин аппаратында бөлүм башчы болуп иштеген Чыңгыз Юнусов турары чынбы? Бул эргул кызмат абалынан пайдаланып, эки жыл аралыгында чет мамлекеттик иш сапарларга жалаң гана өзү чыгып жүргөнү жакын арада иликтенет. Чын эй, калыстык болуш керек да ар бир жерде! “Каармандын” Россия элчилигинде иштеп жүрүп, “аӊгилик кылам” деп иштен айдалганы, кайра кандай жолдор менен дипломатиялык кызматка кайтып келгени коомчулукта козуп атыптыр, ачыкталабы? Бул кылыгына тийешелүү органдар баа бериши керек! Анан да “жалаң чет мамлекетке чыгып атып, бир жылда 40 миң доллар жасадым” деп досторуна мактанганы ыраспы? Же биздин элдин канын, мамлекеттин бюджетин Юнусовго окшогондор оп тарта бериши керекпи? Айтылгандын баары «жиликтенип», аралашы бар мурунку аппарат башчылар да “камалып” калышы мүмкүнбү? Бул суроолор кырынан турат…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg