Мамлекет каржылаган ипотекалык үйлөрдү Арзыбек Бурканов курабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдү куруу демилгеси Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлүп, утурумдук батирде жашаган жардыларга жагымдуу маанай жаралууда. Ошентип, мамлекет тарабынан каржыланып, ири курулуш иштери башталса, эң оболу калыстык менен таратылса бийликтин рейтинги көтөрүлөт. Бирок тетири кетсечи? Эми сабыр эте туралы. Айтмакчы, “даяр ашты” бийлегенге Арзыбек Буркановдун жутунуп жатканы каңкууланды. Артында чуулганы бар бул адамдын ипотекалык үйлөрдү салууда башкаруучулук кылса, келечегин кандайча элестетесиңер? “Кол ийрисине” тартпайбы? Эл ичинде күмөн саноо жаралбайбы? Бара көрөлү.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg