Мамат Айбалаев: «Баткен менен Лейлек 20-30 жылда анклавда калып калышы мүмкүн»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тажиктер Ворух анклавына эмне үчүн аскер техникасын жана аскерлерин алып кирип алганы түшүнүксүз. Анклавда милициядан башка эч кандай күч болбошу керек. Бул тууралуу Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Марал радиосуна берген маегинде билдирди.

«Ал постторду мен койгон элем. Себеби Никита Хрущёвдон башталат. Ал СССРди 1953-1964-жылдары башкарган. «Перспективасы жок айылдарды көчүрүү керек» дегенде биздин «азаматтар», өзгөчө Баткен районунун азаматтары Ворухтун тегерегиндеги төрт айылды көчүргөн. Ал айылдардын ордун тажиктер ээлеп калган да, «Ворух» кеңейип кеткен.

Азыр эми постту алса, «Ворух» андан да кеңейип кетет. Тоонун ары жагында Тажикстандын Матча (Мачайи) району бар. Ал жактан наркотик ташылат. Өзүңөр билгендей, 1999-жылы душмандар Баткенге ошол жактан Ворухка карай өтүп, анда 52 азаматыбызды атып салган. Эми мындай окуяларды «биздин азаматтар» унутуп калып жатышат. Тажиктер Ворух анклавына эмне үчүн аскер техникасын жана аскерлерин алып кирип алганы түшүнүксүз. Анклавда милициядан башка эч кандай күч болбошу керек. Жалгыз гана милиция болушу керек.

Алардын техникасын жана армиясын биздин Төрт-Көчөдө турган посттордон өткөрүп жиберишкен. Ошондуктан булар «Капчыгайды» талкалады. 180 үй өрттөлүп, 6 кишини, тоокананын ээсин атып салышты. Постторду алып, УКМКнын башчысы протоколду толук аткарганга аракет кылам десе, Баткен менен Лейлек 20-30 жылда анклавда калып калышы мүмкүн», — деген Айбалаев.

Белгилей кетсек, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги «Кызыл-Бел» бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон.

Анда эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу макулдашылган. Кыргыз тараптан «Булак-Башы», «Ак-Сай», «Катта-Туз» посттору жана «Тамдык» заставасы жоюлду.

Ал эми бүгүн, 26-сентябрда УКМК Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин билдирди.

Аргумент.kg