Малабаев кырсыктаган автоунаада УКМКнын кызматкери болгон

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылган автоуанаада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери да болгон. Муну “Азаттык” радиосуна УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов тастыктады. Бирок Сулайманов ал ким экенин жана кайсы кызматта иштей тургандыгын ачык айткан жок.
— Кырсык дем алыш күнү болуп атат. Рулда отурган каза болгон жигит мурда бизде иштеп, кызматтан кеткен. Машинеде УКМКнын кызматкерлеринен бирөө эле болгон. Ал ооруканада жатат. Башка кызматкерлер жок. Бирөө азыр иштеп жатат, бирөө мурда иштеп кеткен, — деди Сулайманов.
Буга чейин кырсыкка кабылган автоунаада УКМКнын эки кызматкери болгону айтылып жаткан.

27-январдын кечинде “Тойота Лэнд Крузер” автоунаасы Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында жардан кулап, 38 жаштагы айдоочу каза тапкан. Машинеде айдоочудан тышкары үч киши болгон. Алардын баары Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандардын арасынан мурдагы министр Аргынбек Малабаев реанимацияда экени кабарланган.

Кырсыкка кабылгандар тоого аңчылыкка чыкканы маалымдалды.

Аргумент.kg