«Максатыбызга жетпедик». Абактагы Жээнбеков ачкачылыкты токтотту

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саясатчы Равшан Жээнбеков ачкачылык кармоону токтотту. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Урматтуу мекендештер, мен 27 декабрдан тарта ачкачылык акциясын токтоттум. Акцияны күнөөсүз айымдарды түрмөдөн бошотуу талабы менен баштаган элем. Тилекке каршы максатыбызга жетпедик. Кемпир-Абад маселеси бат эле өлкөдө кимдин ким экенин көргөзөт. Тарых баарын ордуна коёт. Мен жеке эркин, демократиялуу өлкө, жерибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүмдү уланта берем» ,- деп жазган ал.

Эскерте кетсек, буга чейин ачкачылык жарыялаган он киши тамак иче баштаганы айтылган.

Аргумент.kg