Максат Казакбаев, активист: Коменданттык саат киргизилген аймактарга 24 сааттык чектөө киргизүү зарыл

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жарандык активист Максат Казакбаев фейсбук баракасына кайрылуу жазып калтырды. 
Урматтуу Бишкек жана Ош шаарларынын жана айрым коменданттык саат киргизилген аймак жетекчилери;
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коронавирус илдети Кыргызстанга тездик менен кирип келгенин эске алып, тынчсызданып жарандык жоопкерчилигим менен кайрылуу- өтүнүч:
Тез аранын ичинде киргизилген коменданттык саат убактысын 24 сааттык кылып өзгөртүү жөнүндө сурайм, таңкы саат 07.00дөн кечки саат 20.00гө чейин жарандардын ары-бери жүрүүсүн чектеңиздер.
Себеби, күндүзү кечки же түнкү убакытка салыштырмалуу жарандардын, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн көчөгө чыгуусу азайып, массалык аралаш болбой вирус жайылуусуна шарт түзүлбөйт.
Айрым жарандардын кары-картаң, оорукчан же майып жакындары болсо, алар расмий артыкчылыкта уруксат алып байланышып турушсун. Калган көпчүлүк эл ашыкча сыртка чыгуунун кажети жок.
Ошондой эле учурда ар түрдүү кайрымдуулук иштерин кылып жүргөн жеке демөөрчүлөр, волонтерлор жана ар кандай уюмдук кыймылдар жардам көрсөтүү аракетинде жүрүп, өздөрүнүн камкордугун көңүл кош калтырууда.
Учурда мамлекеттик Борбордук штаб түзүлүп иш жүргүзүүдө, демөөрчүлөр элге тараткан азык-түлүк, кийим-кече ж.б. медициналык жабдыктарын штабка алып келип тапшырсын. Муктаж адамдарга штаб өкүлдөрү даректүү жеткиришсин.
P.s. Биз, жарандар Өкмөттүн айтканын толук кандуу угуп, үйдөн алыстабай тиешелүү мөөнөттө чыдамкайлык жана түшүнүү менен күтүп берүүнү ыйык милдет деп билели. Бүгүн ар бир жарандын ден соолугу, өмүрү бирдей кооптуу.

Аргумент.kg