Максат Довранов: “Мен сени дагы кайрадан сүйүп баштадым»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алып баруучу  Максат Довранов өзүнүн Инстаграм баракчасына  билдирүү жасады:
“Мен сени дагы кайрадан сүйүп баштадым… Бирок, бул жолкусу жакшылык менен бүтсө экен деп турам”- деп жазылат.
Доврановдун бул билдирүүсүнө катталуучулары түрдүү варианттарды айтууга үлгүрүшкөн.
Бири, “Бул жолкусу дегенге караганда, Сайкал эле го. Бактылуу болсоңор эле болду” десе, айрымдары “Өзүн же жаңы үлгүдөгү телефонун айтып жатат” деп болжолдошууда.
Эске салсак, Максат Довранов менен Сайкал Садыбакасова 2017-жылы 14-ноябрда баш кошуп, 2019-жылдын башында эки айрым жолго түшүшкөн.

Аргумент.kg