Максат ажы Токтомушев саясатка бурулса, көпчүлүк колдоп кетеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Барган сайын Максат ажы Токтомушевдин тарапташтары көбөйүүдө. Соцтармактан активдешип, диний насааттарын айтуу менен популярдуулугу өсүп баратат. Мындай ыңгайын саясый кызыкчылыктарга бурбай, тек жүрсө дейли. Баса, аз күн мурун жоон топ молдокелер Акүйгө кирип чыгышты. Котолошуп. Алдыга умтулуу кичинекей кызыкчылыктардан башталат эмеспи. Эгерде бийлик мүдүрүлө берсе, чыр-чатак арбып, оппозиция менен тиреш курчуп кетсе, араздашуулардын айынан диний агымдар да козуп кетишсе, туруктуулукка залалын келтирип коюшпайбы? Ансыз да активдешип бараткан Максат ажыны колдоп кетишпейби? Олуттуу фигурага айланбайбы? Диндин саясаттан оолак болушу Конституцияда жазылган. Демек, бул эрежени, тартипти эртең эмес, бүгүн көзөмөлдөп, алдын ала профилактиклык иш-чараларды жүргүзүү эп.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg