Максат ажы Токтомушев: «Москвага дин майрамын белгилегени баргам»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кылмыш иши козголуп, “эч кайда чыкпоо” тилкаты менен камактан бошотулган мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев Москвага барып келүү үчүн тергөөдөн атайын уруксат алганын айтты.

Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарына берген маегинде билдирип, 22-25-майда Орусияга барууга кагаз түрүндө уруксат алынганын белгиледи.

24-май күнү “Инстаграмдагы” Maksatbek_ajy деген баракчага ал Москвага диний жөрөлгөлөрдүн бири – Мавлид майрамын белгилегени барганы тууралуу маалымат чыгып, видео менен кошо жарыяланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы мурдагы муфтий кандай шартта кеткенине түшүндүрмө берген эмес.

Аргумент.kg