Майрам Акаева Кыргызстанга келди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Бишкекке келди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Алдын ала маалым болгондой, Майрам Акаева жана уулу Илим кечээ түнү Таласта каза болгон энесин акыркы сапарга узатууга келди. Бирок, Аскар Акаев келген эмес.

Белгилүү болгондой, Майрам Акаева Бишкекке бүгүн саат 15:00дөр чамасында конуп, азыр Таласка жол тартты.

Эске салсак, Акаев былтыр август жана декабрь айларында эки жолу Кыргызстанга келип, Кумтөр иши боюнча сурак берип кеткен. Ал эми жубайы 2005-жылкы марттагы революциядан бери келе элек болчу.

Аргумент.kg