Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип жазалаганын көрүп терең дем алдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Силердин сайтыңардан бир келиндин суроосун окуп калдым. Анда кайын эжеси кол көтөрүп, ичиндеги баласын түшүрүп койгонун айтыптыр. Дароо көз алдыма мындан 12 жыл мурун болгон окуя келди. Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым. Бир дагы ирет мага болушпады. Ага баары бир эле. «Мен иниме башка кыз алып берем!» Ушул сөздү бир күндө миң ирет кайталат. Күн сайын күйөөмө мени жамандап жазат. «Боюнда болбосо бат кетет, кошулба» деп жазган каттарын көрүп алып ыйлайм. Анда эмне, жаш кызмын, ата-энем эски көз караш менен тарбиялаган, кетип калсам эл эмне дейт дейм. Ичим көрүнө баштагандан бери кайын эжем күн сайын үйгө каттайт. Бала инисинен эмес экенин айтат. Ал кеткенде күйөөм анын сөздөрү чынбы сурайт. Ачуу сөздөрдү айтып ыйлатат. Ишенесиңерби, мени колдогон эч ким болбоду. Ата-энем күйөөгө бергенден бери кабар дагы алып койбойт. Бир күнү жөн жерден уруш чыгарып, кайын эжем ичиме асыла баштады. Балам коркунучта экенин сездим. Мени түрттү, кудай сактады, жыгылбай бутума туруп калдым. Ошондо менде кандайдыр бир күч пайда болду. «Балам менен бир нерсе болсо соттун алдында жооп бересиң» дедим. Ушундай катуу үчүн менен айттым. Көз карашым дагы курч эле. Унчукпай сыртка чыгып кетти. Мен болсо кийимдеримди чогултуп, бурчта жашынып турган күйөөмдүн бетин карабастан кетип калдым. Эгер өзүңдү -өзүң коргобосоң, эч ким сага болушпайт экенин билдим. Канчалык алардан корксоң, алар күчтөнөт. Укугуңду билиш керек! Мотурайган кыздуу болдум. Ушундай ширин кыз. Менин берекем, дем берип алдыга сүрөгөн мотивациям. Азыркы жеткен ийгилимдин баары кызымдын арты менен болду. Кандай кыйынчылыктардан өткөнүмдү айтпасам деле түшүнөсүңөр. Мен болгону курмандык болуп, даттанып жата бербедим, мүмкүнчүлук издеп, тытынганды токтотподум. Гинекологго текшерилгени баргам. Бир маалда кабинеттен кайын эжем чыга калды. Мени көрүп катып калды. Көзүнө тике карадым. Чыдай албай башын жеоге салып, тез-тез басып кетти. Гинеколог чакырды. Кирип бардым. Столунун үстүндө кайын эжемдин аты жазылган карта туруптур. Акырын башымды созуп карасам, жаман оорунун аты жазылган экен. Ар бир жамандык үчүн жаза бара экенине ишендим. Мен эмнени айткым келди. Өзүңөрдү басынтууга эч бербегиле. Балаңарды коргогула. Коркпой акырына чейин күрөшкүлө. Күнөөлүү адам созсуз жазаланат экенин билгиле. Тытынып иштеп, мыкты жашагыла. Силер жакшы жашоого татыктуусуңар. https://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg