“Мага берген бакытты тээп, кайдагы “эски сүйүү” деп талаада калганымды кеч түшүндүм”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындан он беш жыл мурун бакытымды колуман учурдум. Баарын өз колум менен жасадым. Мен сүйлөшүп жүргөн кызды бир күнү башка айылга ала качып кетти. Буга ызаландым, жолдошторумдун арасында намыстандым. Ага өчөшүп мен да көзүмө урунган кызды ала качып алдым. Ал жакшы жар, жакшы келин болду, бирок менин жүрөгүмөн жылуулук тапкан жок. Эки кыздуу бодум. Он жыл аралыгында мен үй-бүлөмдү карабадым. Жөн гана жатып ичер болуп, тапканымды талаага жумшап жашадым. Аялым баарын көтөрдү. Баарына көз жумуп чыдады.

Ошондой күндөрдүн биринде баягы мен сүйүп башкага алдырып ийген сүйүктүүм күйөөсү менен ажырашып, шаарга келе бериптир. Аны менен жолугушкандан тартып, аялым, жадагалса алдыман тосуп чыккан кыздарым да көзүмө суук көрүнө баштады. Баягы сүйүктүүм беш баланын энеси болуп, туурасы чыгып, мурунку сулуу кебетеси кетсе да, көзүмө сулуу көрүндү. Ошентип жыл айланбай аялымды кыздарым менен томсортуп таштап чыгып кеттим. Жашоом чыныгы бакытты кучактап жүргөндөй болду. Көрсө, мунун баары жалган экен. Менин тапканымдын баарын балдарына жумшап,  акыры мен ооруп калганда басып кете берди. Ал «мен оорулуу күйөө багып тажагам, экинчи жолу бага албайм» деп батирге жалгыз таштап, эки сумканы ийнине арта салып чыгып кетти. Бул убакта беш жыл арадан өтүп кеткен эле. Ошентип кошунанын жардамы менен “тез жардам” чакырып, ооруканага жатып чыктым. Кайрылып үйгө бара алган жокмун. Анткени мен алардын жашоосунда жашаганы бир да жакшы сөз айтпаптырмын. Кыздарымды маңдайым жарыла сүйүнүү менен кучагыма бекем кыспаптырмын. Мага берген бакытты тээп, кайдагы “эски сүйүү” деп талаада калганымды кеч түшүндүм. Аялымдын, кыздарымдын бактылуу болуусун каалайм.

Аргумент.kg