Мадумаров: «Отунбаева менен Жээнбековду резиденциядан кууп чыгабыз деп жатышыптыр»

«Отунбаева менен Жээнбековду резиденциядан кууп чыгабыз деп жатышыптыр». Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров аймактагы жолугушуулардын биринде айткан видеосу соцтармакта жарыяланды.

«Ушул жерде Сооронбай деп айткандан качып жүргөнсүңөр. Мен ошондо «эртең Сокени мен коргошум мүмкүн, сиз куйругуңузду да карматпайсыз» деп айткам. Кана ошолор? Кечээ кучакташып, шилкелейлешип жүргөн азаматтар мына азыр Сокени резиденциядан чыгаруу боюнча мыйзам киргизип жатышат. Менин мүнөзүм ушундай — аттын үстүндө турганда урушум, сөгүшүм мүмкүн, бирок кулап жыгылып калган азаматты теппейм. Кезинде айтып калгыла. Отунбаеваны да резиденциядан чыгарабыз дешиптир. Мен ага кезинде «мыйзамсыз «самозванкасың» дегем. Мыйзамды жазып киргизип жаткан азаматтардын калеми ошол мыйзамды жазганынан күмөнүм бар. Бирөө айтты да», — деди депутат.

Депутат Жеңиш Токторбаевдин демилгеси менен Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталууда.

Аргумент.kg