«Мадумаров, Масалиев жоопкерчиликти сезбеген саясатчылар». Жапаровдун кезектеги маеги

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кумтөр алтын кени 2022-жылы Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылган, башкача айтканда, «Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү болуп калды. Бул тууралуу президент өзү да маек куруп, толук маалымат берген жайы бар. Бирок көп өтпөй коомчулукта ар кандай кептер айтылып, ЖМКларда «19 тонна алтын жок, 21 тонна алтын кайда кетти? «Кумтөрдүн» алтыны кайда» деген сыяктуу материалдар жазылды. Бул маселе парламенттин трибунасында да көтөрүлүп, жада калса Кумтөрдүн алтынынын сатылышын иликтей турган комиссия да түзүлүп, аны депутат Исхак Масалиев жетектей тургандыгы айтылган. Ушул жылдын январынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттык комиссия менен Кумтөргө барып процессти толук көрсөтүп берген. Учурда кендин ишмердүүлүгү кандай жүрүп жатат, чын эле «19 тонна алтын уурдалдыбы» мына ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн министрлер кабинетинин башчысын «Кабар» агенттиги кепке тартты.

 Саламатсызбы урматтуу Акылбек Усенбекович!

— Саламатчылык!

— Акылбек мырза, “Кумтөр” Кыргызстанга өтөт, андан кийин өттү дегенде эле коомчулукта “Кумтөрдө” канча алтын бар?” деген суроо кызуу талкуу жараткан. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы бул суроо кызыктырган. Президент Жапаровдун депутаттык комиссия түзүп “Кумтөргө” барып маселе менен жеринде таанышуу сунушу болгону эсибизде. Ал турсун депутаттык комиссияны оппозициялык маанайдагы Адахан Мадумаровду жетектөө да сунушталып, ал баш тарткан. Андан кийин ал комиссиянын төрагасы болуп депутат Исхак Масалиев шайланып, бирок көп өтпөй ал дагы баш тарткан. Ушул жылдын январынын соңунда сиз депутаттык комиссия менен “Кумтөргө” барып процессти толук көрсөтүп келдиңиз. Эми бул комиссиянын бир мүчөсү, депутат “Кумтөрдөгү алтын-күмүш менен кааласак тышкы карызды азыр деле жаап салса болот” дегендей маек берди. Чын эле, азыр эле ошол кен байлыгыбыз менен тышкы карызды жаап салсак болобу?

— Анда сөз башынан болсун. 2021-жылы президентибиз «Кумтөрдү» алдык, мындан ары «Кумтөрдүн» алтыны кыргыз мамлекетинин пайдасына иштейт» деп жар салганда, айрым сабаттуу депутаттар: «Бул эч качан ишке ашпайт. Эл аралык соттон утулабыз. Миллиарддаган долларга жыгылабыз. Сабатсыздар Кумтөрдү мыйзамсыз алды. Ит эле болобуз»,- деп кыйкырып чыккан. Ит болбой эле алып койдук. Ошондон бери «Кумтөрдүн» алтыны чогулуп жатат. Бүгүн 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулду. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым.

— «19 тонна алтын уурдалыптыр» деп айтып чыгышты эле? Уурдалбаптырбы?

Мындай жоопкерчиликсиз сөздү Адахан Мадумаров айтып чыкканы эсимде. Ошол замат эле президентибиз: «Депутаттык комиссия түзгүлө. Башына Мадумаровдун өзүн койгула. Барып текшерип келип, жыйынтыгын элге жарыяласын» деген сунушун киргизген. Комиссия түзүлгөн. Бирок Мадумаров комиссиянын башына туруштан баш тарткан. Андан кийин Исхак Масалиевди коюшкан. Кийинчерээк ал дагы баш тартты. Андан кийин Арсланбек Маалиевди коюшту. Ошондон кийин барып текшерип көрүшүп, бир грамм алтын уурдалбасына көздөрү жетти.

— Эмнеге Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев экөө комиссиянын башына туруштан качышты? Өздөрү айтып чыгышпады беле?

Жоопкерчиликти сезбеген саясатчылар ушундай болот. Элге жакшы көрүнүш үчүн балп дедиртип жалганды айтып кое беришет. Жоопкерчиликти унутуп коюшат. Сотко берсең жоопко тартылышат. Анан «Саясий куугунтук болуп жатат» деп кыйкырып чыгышат. Бизде тилекке каршы ушундай көрүнүш калыптанып калган. Ошол үчүн саясатчылар жалган айтканды токтотсо жакшы болмок.

— “Кумтөрдүн” кен жайдагы ишмердүүлүгү учурда кандай экен?

Депутаттык комиссия мүчөлөрү бардыгы эле ынаныштыбы? Балбак мырза сырткы карызды азыр төлөп койсо болот деп чыкты. Чын эле азыр төлөп салсаңар болобу? Болсо эмне үчүн төлөбөй жатасыңар?

Ооба, азыр төлөп койсок да болот. Бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер анда үстөгүн 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен төгөсүңөр деп көрсөтүлгөн.

Ошол үчүн сырткы карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот. Кудайга шүгүр. Карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет. Эң негизгиси бөөдө кырсыктан сактап, өлкөбүздө тынчтык болуп турса болду.

— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн Сизге рахмат!

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Аргумент.kg