Мадумаров Атамбаев менен биригет деген маалыматты төгүндөдү
22-үчтүн айы, 2019-ж // //“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров айрым маалымат каражаттары аны экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге иштешет деп жазганын төгүндөдү.
Саясатчы “Азаттык” радиосуна комментарий берип, Атамбаев менен 2015-жылы сүйлөшкөнүн, ошондон бери анын үнүн да уга электигин айтты.
Айрым маалымат каражаттары Адахан Мадумаров экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштеше турганын жазып чыгышкан.