Комитеттин жетекчисин жана орун басарларын чакыртып алуу Жогорку Кеңештин Регламентинин 28-беренесинде каралган, деп билдирди депутат Адахан Мадумаров 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековго ишеним көрсөтпөө маселесин каралууда. Чакыртып алуу демилгесин 5 фракция көтөргөнүн мурдараак парламенттин спикери Нурланбек Шакиев билдирген.
«Ал жерде баары көрсөтүлгөн, алар кандай жооп беришет, кандай учурларда. Бардык жол-жобосу жазылган. Аны дароо добушка коюу да туура эмес. Чечим токтом менен кабыл алынат. Токтомдун долбоору таркатылышы керек. Тиешелүү комитет аны парламенттин жыйынына алып чыгышы керек», — деди Мадумаров.
«Комитеттин жыйынында эч кандай чечим кабыл алынбай турганы айтылган. Чыңгыз мырза кол койбоого укугу бар. Эгерде Комитеттин жыйыны болсо, анда 3 күн мурун материалдар таратылышы керек болчу», — деп кошумчалады ал.