Маданият министрлиги Самара Каримованын доосу боюнча соттун чечимине даттанды
19-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваМаданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайга директор кылып кызматка кайтаруу жөнүндө соттун чечимин 15-январда Бишкек шаардык сотуна даттанды.
Маданият министрлиги Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууга Эмгек кодексинин 414-беренеси негиз болоорун билдирген. Министрлик мыйзамга ылайык Каримова кызматтан бошотулгандан тарта сотко 2 айдын ичинде кайрылышы керектигин эскерткен. Ырчы сотко 2 жылдан кийин кайрылган.
«Аппеляциялык арыз бердик. Башында албетте түшүнүү кыйын болду. Бирок биз башка жактан да юристтерди тарттык. Көрсө Биринчи май райондук сотунун чечиминде көптөгөн мүчүлүштүктөр бар экен. Мөөнөтүн карабаптыр. Ошол эле мезгилде юрист менин убагымда мурдагы министрдин берген ишеним каты менен соттук отурумга катышыптыр. Ушуга окшогон бир топ мүчүлүштүктөр бар», —
дейт Нуржигит Кадырбеков.
Анткен менен маданият министрлигинин өкүлү райондук соттук отурумда Каримова «иштен мыйзамсыз алынганын жана аны кызматка кайтаруу керектигин» толугу менен моюндаган. Судья Жамиля Акылбекова Каримованын доосун канааттандырууга ушул жагдай негиз болгонун белгилеген.
Элдик медиа