Үлпөт тойдон көп өтпөй келин каза болуп калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үлпөт тойдон бир саат өтпөй колукту каза болуп калды.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, бул окуя Бени-Суэйф провинциясында болуп өткөн. Жакындары менен бирге кубанычын бөлүшкөн 21 жаштагы колукту Исра Шаабан тойдо жакшы маанай да жүргөн. Үйүнө келгенден кийин өзүн жаман сезип жатканын айтып турган жеринен кулап түшкөн. Мындайды күтпөгөн жакындары аны тезинен ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер колуктунун жүрөгү куармаганын айтып кеч болуп калды жардам бере албай калдык деп жооп кайтарган.
Шаабанын күтүүсүз өлүмү туугандары менен жакындарын катуу таң калтырган. Колукту үлпөт тоюнун эртеси жерге берилип, бүт айыл акыркы сапарга узатууга келгени айтылат.

Аргумент.kg