ЛОГИСТИКАГА ЛОГИКА… ЖЕ ЭМИЛ АБДЫКАДЫРОВДОН ШЕК САНООНУН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?

Ат-Башыга логистикалык борбор куруу үчүн кытай инвестору менен сүйлөшүп, баш-аягы 280 миллион долларга келишим түзүүгө арачы болуп жүргөн Эмил Абдыкадыровдун аракетин баалагандар да, сындагандар да арбын. Жергиликтүү эл эмнеге каршы чыгып, көз караштары төп келбей жатканы менен да эсептешүү керек го? Балким түшүндүрүү иштери жакшы жүрбөй атабы? Же кытайлардын келиши менен күмөндүү көрүнүштөргө кириптер болобузбуCуроолор көп. 
Эгерде коомдо аброю бар, эл ишенимине ээ болгон ишкер мындай демилгеге аралашканда, анда эки жаатка бөлүнгөн талаш-тартыш жаралбайт эле да. Эске салсак, эски режимдер учурунда Эмил Абдыкадыров Бишкек шаарынын вице-мэри катары бир топ жыл иштеп, кыйла байып, эбегейсиз объектилерди менчиктештирип алганы жалганбы? Баштагы баскан изи таза, ак эмгеги менен байыган бизнесмендер инвесторлор менен иштешсе ишенимдин да чоң болору айкын эмеспи. Ал эми Эмил Абдыкадыров өмүр бою мамлекеттик кызматтардан байып, мүлктөрүн жашыруу менен тымыйып жүрүп, анан бир күнү эле элге күйгөн, мамлекет үчүн салым кошкон адам болуп чыга калса кандай дейсиң? Ошон үчүн элдин да ишеними болбой атабы? Күч органдары Эмил Абдыкадыровдун жакын туугандарына катталган байлыктарына кызыгып көрдү беле? Же олигархтардын заманы келгенби? Кептин баары башка жакта го?..
Булак: Aryba.kg

Аргумент.kg