Лариса Жукова: «Уулумду кыргыз мектепке берейин десем күлүштү»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Лариса Жукова уулун Чүй облусунун Ысык-Ата раионуна караштуу Кант шаарынын №2 К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясына 1-класска алып барды. Өзүнүн айтымында, уулу бул мектепте кыргыз класста окуйт. «Менин 2 уулум бар. Биздин бешинчи чоң атабыз 90 жыл мурун Кыргызстанга көчүп келген. Биз мекенибиз Кыргызстан менен сыймыктанабыз. Улуу балам азыр 25 жашта. Кезинде аны дагы ушул Канттагы жалгыз кыргыз тилдүү мектепке берейин деп чечкем. Бирок, элдин баары күлүп, кол шилтешкен. Анан эмнегедир ал уулумду кыргыз тилдүү мектепке бербей калгам. Ошентип ал №4 мектепти аяктап, кийин Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинен билим алып чыкты. Ал эми экинчи уулум Руслан Жуков Кант шаарында 2013-жылы төрөлгөн. Аны ушул кыргыз тилдүү мектеп- гимназияга берейин деп чечтим», — деди ал. Лариса айым уулун мектепке бергенге чейин аны 2 жыл даярдаган. «Үйдөн азма-аз кыргызча сүйлөйт. Бала бакчадан кыргыз тилин бир аз үйрөндү. Андан кийин атайын кыргыз тилинен сабак алды. Кыргызча ырларды, «Манас» эпосунан үзүндү айтканды үйрөндү. Кыргыз тилинде бирөө сүйлөсө түшүнөт. Бирок толук кандуу сүйлөй албайт. Анткени азырынча аз эле сөз билет. Ошон үчүн туура жана так сүйлөөсү үчүн ушул №2 мектепке бердик. Манастын тилин туура сүйлөгөндү билсе дейм. Кайсы жерде төрөлсөң, ошол жерге пайдаң тийсин» деген сөз бар го», — деди ал. Булак: Турмуш

Аргумент.kg