Кызымдын өгөй апасына айткан сөзү көз жашымды агызды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жети жылдан кийин жүрөгүмдү башка бирөөгө ачтым. Биринчи аялымды, ал каза болгон күндү унуткан жокмун. Жүрөгүмдүн түпкүрүнө, эч ким көрбөгөн, эч ким булгабаган жерине сактап койдум. Ал менин алгачкы сүйүүм. Мага күйөө, ата болуу сезимин тартуулаган, таттуу даамын таттырган аял. Аттиң, экөөбүзгө чогуу карып, неберелербизди эркелетүү буйрубаптыр. Кызым апасына окшош. Бирок, апасы эсинде жок. Сүрөттөрдөн гана тааныйт. Чоң энесине, таенесине эркелеп жүрө берет. Мен кызым бактылуу деп ойлогом. Адашыпмын. «Алар чын эле күлүштү да, менин апам жок да.» Көчөдөн кыздар ылай сууга түртүп жиберишиптир. Эмнеге аларга жооп кайтарбаганын сурасам, ушинтип жооп берди. Ушундай ыза болдум. Мени жалгыз бой ата же эне гана түшүнөт. Жумушта башымды жерге салып отургам. Жаңы практикант кызды мага дайындап коюшуптур. «Саламатсызбы!» деп бирөө кирип келди. Башымды көтөрбөстөн учурашып коюп отура бердим. «Сиз менен жетекчим болот экенсиз» деди. Уфф… Башымды көтөрсөм сулуу айым күлүп карап туруптур. Үйлөнөрдөн мурун кызыман уруксат сурадым. Кызым унчуккан жок. — Кызым, анда үйлөнбөй эле коеюн э? — Үйлөнө бер. Сыртка чуркап чыгып кетти. Күн сайын үйгө шашып келем. Кызыма кабатырмын. Жашырбайм, келинчегим экөө тил табыша албай жатабы деп ойлойм. Келер замат кызыман баары жакшыбы сурайм. Ооба десе, өзүмө келе түшөм. Бул ирет дагы эрте келдим. Кызым менен аялым клубника тазалап отурушуптур. Кыязы, варенье жасашат го. Экөө чоң кишилердей сүйлөшүп алган. — Ошондо, сиз менин апамсызбы? А сүрөттөгүчү? Ал башкача го? — Ал дагы сенин апаң. Ал сонун аял, анткени сендей «принцессаны» төрөдү. — Ал мени таштап кеткен. — Жок, ал сени таштаган эмес. Кантип сени таштамак эле. Болгону, кээде жакшы адамдар эрте кетиш керек болуп калат. — Ошондо менин эки апам барбы? — Ооба, башкалардын бир, а сенин эки апаң бар. Анткени, сен аябай жакшы кызсың. Кызым тура калып келинчегимди катуу кучактады. Аларга кошулуп мен ыйладым. Байкатпай үйгө кирдим. Ушундай өзүмдү жеңил сездим. Тагдыр мага экинчи ирет бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүн берди. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg