Кызыма кандай сеп береримди уккан кудам ордунан тура калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен атамын! Балалуу болгондон бери бул сөздү күн сайын миң жолу кайталайм. Жумуштан чарчасам же жалкоолугум кармаса, «Стоп! Мен атамын!» деп өзүмө эскертип турам. Мойнумдагы жоопкерчилик оор болсо дагы бирөөгө арта салып качып кетпейм. Өмүрүмдүн аягына чейин ал жоопкерчиликти көтөрүп жүрүүгө даярмын. Мейли белим бүкүрөйүп, далым талысын. Мотурайган алты балам үчүн баарына даярмын.

Көптөр эс алсаң боло дешет. Жок! Мен эс албайм. Эгер эс алсам балдарым зымырап өнүгүп жаткан замандан артта калып калат.

Балдарым билим алышы керек! Балдарым дүйнөнү кыдырышы керек! Балдарым бактылуу болушу керек! Бул үчүн апасы экөөбүз колубуздан келген нерсени жасайбыз. Андан ары алып кетүү өздөрүнөн көз каранды. — Ата — Оу, берекем. — Эгер окубайм, базарда бут кийим оңдоп иштейм десем эмне кылат элеңиз. — Бир суроо бермекмин. — Кандай суроо? — Се — Сен ошондо бактылуу болмок белең?

— Мисалы, ооба деп жооп бердим дейли.

Сенин бактылуу болгонуңду көрсөм ыраазымын, мага баарынан ошол маанилүү. — Ата, мен сени жакшы көрөм, билесиң да э? — Билем, берекем. Алтоо күн сайын ар кандай суроолорду беришет. Апасы экөөбүз эринбей отуруп жооп беребиз. Боорубузду эзип жашарткан, ойго салып карыткан ушул алтоо. Ата- энелерде бир сонун мүмкүнчүлүк бар: балдары менен балалыгына кайра кайтып бара балат. Балаң менен көлчүккө

секирип, көпөлөк кармап, кар киши жасап, тоодон тоголонсоң эч ким эч

нерсе дей албайт. Балдарыңар чоңойгуча бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калгыла! Жүрөгүмдү ооруткан бир окуя менен бөлүшүп кетким келди. Эки кызымды өздөрү каалаган чет тилдер курсуна жаздырып, анын урматына балмуздак жеп келатканбыз. Алдыман эски таанышым чыкты. Кайдан келатканыбызды айтсам, «кыздарга билимдин кереги эмне, булар күйөөгө тийип үйдө отурушу керек»,-деди. Ошол маалда болгон күчүм менен ачуумду басып, «сенин кыздарың барбы»,-десем, башын ийкеди. «Ата, катаы өз колуң менен канаттарын кесип коюпсуң. Кыздарыңа боорум ооруйт. Мен анте албайм. Кыз же уул

деп бөлбөйм. Жубайым экөөбүз

балдарыбызды үйдө отурууга эмес, билим уга болгон умтулуусун колдойбуз»,-деп ып кеттим. Кызым артын карап, «ата, и байке, дале ойлонуп турат»,-деди. лонсун кызым»,, деп чачын сыладым. 66 Чет өлкөдө жүргөн улуу кызым жакында келерин, сүйүктүүсүнө турмушка чыгарын айтты. Апасы экөөбүз скайптан билгизбегени менен, түнкүсүн жууркандын алдына жашынып ыйладык. Сөйкө салганы куда түшүп келишти.

Шакылдаган бир жеңеси сеп маселесин

козгоп калды. — Кызыңызды кандай сеп менен узатасыз? Бул жагынан кеп кылбайсызбы. — Кызым дүйнөдөгү эң кымбат сеп менен кетет. — Ал эмне болду экен? — Билим. Кудам ордунан туруп, жаныма келди. «Сиздей адам менен куда болуу мен үчүн сыймык!» — деп, колумду бекем кысып, кучактады. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg