Кызыл-Кыяда жол чийиндер жаңыртылат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарлары аркылуу өткөн эл аралык жолдордогу кырсыктарды алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков жана ЖКККББнын Штабынын начальниги Өткүр Умаров Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жол коопсуздугун камсыздоо боюнча койгон тапшырмаларын жана ИИМдин коллегиясында Улан Ниязбековдун талаптарын аткаруу максатында Баткен облусунун Кадамжай районунун айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында болуп, райондун акими Алмаз Рахманкулов жана айыл башчылыры, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Учкун Маткалыков менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарларындагы аймактык билим берүү, жол тейлөө мекемелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары жана айыл тургундары менен жеринде жолугушуп, аймактар аркылуу өтүүчү эл аралык жолдордогу оор кесепеттерди алып келген жол унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, жалпы эле облус аймагында жол унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте иш жүргүзүү аракеттерин көрүү жагы талкууланды. Аймактагы жетишпеген жол белгилерин орнотуу, жол чийиндерин чийүү жана жаңыртуу, жол чырактарын көбөйтүү, профилактикалык иш-чараларды күчөтүү менен жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларын уюштуруу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан мындай иш-чара мындан ары түштүк аймактагы башка облустардын бардык облустарында жүрүшү максатталууда.

 

Аргумент.kg