Кызыл халат кийген кошунамдан күйөөмдү кызганам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм менен баш кошконума он жылдын жүзү болгондо кошунамдан кызганып башымды жоготоибаштадым. Эки ай мурун  жакшы катышкан конушам кредитин жаба албай үйүн сатып кетти.Ордуна күйөөсү жок аял бир баласы менен көчүп келди. Баласы жыйырмага чыгып калса да аял сыртынан жаш сулуу көрүнөт экен. Биздин көчөнүн эркектеринин баары аны көргөндө көздөрү токтоп кылып жаткан жумушун унутуп калышат. Күйөөм органда иштегендиктен үйдө көп боло бербейт. Өткөндө азык-түлүк алганы базарга бара жатсак жолдо кетип баратыптыр. Күйөөм киши көрбөгөндөй аябай карап: “бул ким? Бейтааныш аял экен?-деп сурады. Ооз учуман кошуна экенмн айтып ичим тыз дей түштү. Ошондон бери дааратканага да эркекти чакырган кызыл халат кийип чыккан кошунамдан күйөөмдү кыщгана берчү болдум. Кээде түшүмдө да күйөө ошол аялды карап турган болот. Кошунама кызыл халатыңды кийбе деп кантип айтам?

Аргумент.kg