Кызганычтын улам көңүлдөшүн бычактап салган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Көңүлдөшүн башкадан кызганып бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Polisia.kz жазып чыкты.
Күбөлөрдүн айтуусунда кылмышка шектүү жаран жолдун оотосунда жабырлануучуну кармап алган. Экөө бир топко кыжылдашып тургандан кийин аял кетүүгө тескери бурулган. Бул учурду эле күтүп тургансып чөнтөгүнөн бычак сууруп чыгып далы тушка матырып алган. Өтүп бара жаткандар аралачалап калган. Көрсө бул жаран менен жабырлануучу аял бир жыл мурда жарандык никеде чогуу жашаган. Кыщганычтын айынан экөө эки башка жолго түшүшкөн.  Бирок күйөө сөрөй   аны кызганып тынчтык бербей келген.
Учурда жабырлануучу оор абалда ооруканага жатат. Ал эми кылмышка шектүү жаран убактылуу камоочу жайга киргизилди.

Аргумент.kg