Кыздарга мураска ээ болуу укугу берилген эмеспи?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Атам биз кичине кезинде оорудан улам каза болуп калган. Апам үч кыз менен төркунүнө келип бизди багып өстүрду. Атамдан кийин апам турмушка чыккан жок. Жаштыгынын баарын бизге арнады. Дайыма атам тууралуу жакшы сөздөрду айтып, чонойгондо атаңардын бир туугандары менен катышкыла дечү. Улуу эжем азыр отузга чыкты, кичүү сиңдим болсо  19 чыгат. Атам бир кезде шаардан бир бөлмөлүү үй алып кийин атам ооруп калганда үйгө студент карындашын киргизип айылга барып бир жылга жетпей өтүп кетиптир. Үй атамдын наамында турат, бирок атамдын карындашы бизди киргизбей жатат. Апам болсо алар менен урушууга дарманы жок. Агамдан уул болсо бир жөн силер кимсиңер деп жатат. Ошондой биз мурас укугуна ээ боло албайбызбы? Эмне кылсам акыйкаттык менен атамдын үйүн кичүү сиңдиме алып берем?

Аргумент.kg