Кызайым Эргешова, айыл чарба илимдеринин кандидаты:  «ҮРӨӨНДҮ ТУУРА ТАНДАСАҢЫЗ ӨКҮНБӨЙСҮЗ»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Помидор, бадыраң бул жашылчалар бүгүнкү күндө адам  баласынын жашоосунда  тамак-аш жана киреше табуу катары кеңири таркалган өсүмдүк болуп калды. Ал эми аны өстүрүү өтө чоң эмгекти талап кылат. Бул жемиштерди отургузуу сырларын Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, Айыл чарба илимдеринин кандидаты  Кызайым Эргешова айтып берди.

КӨЧӨТТӨРДҮ ПАРНИКТЕРДЕ ӨСТҮРҮҮ

         Бул эки өсүмдүктүн биологиялык касиеттери эки башка. Мисалы помидор, жылуулукту сүйгөн өсүмдүк. Үрөөнү 10-12 гр өнө баштайт. Андан жогорку температурада дагы бат өнөт. Биздин өлкөдө жашылчалардын уруктарын  талаага сепкен атайын техникалар жок болгондуктан, биз бул өсүмдүктү көчөт жолу менен өстүрөбүз. Үрөөнү үнөмдүү да болот. Негизинен көчөттөрдү парниктерде өстүрүү керек. Парниктердин түрлөрү болот. Алар жылуу парник, орто жылуулуктагы жана суук парник болуп бөлүнөт. Биз помидорду жылуу парникте өндүрүп алабыз. Бирок парниктерде өстүрүүдө климатка көңүл буруу керек. Түштүк региондордо орто жылуу парниктер колдонулат. Аны  жердин бетине жасап,   кичине 20-30 см куюп, ошол жерге уруктарды себебиз.

ТОПУРАККА КӨҢҮЛ БӨЛҮҢҮЗ

Урукту сепкенде топуракка чоң көңүл буруу керек. Топурак аралашмасы; өзүнүн топурагы 40-50%,  чиринди, биогумус, компост 40% болсо болот. Ал эми сугарганда  жана жаандан кийин жарылып кеткен топурактарга кыкты көбүрөөк кошобуз. Кырынды же болбосо кумдарды кошкондо топурак борпоң болот. Топуракты даярдагандан кийин, кесек болбошу керек, себеби, помидордун уругу майда болгондуктан кесекти көтөрүп чыгара албай калат. Ошондуктан борпоң, майда топурак кылганга аракет кылабыз. Анан 10-15 см кылып чийебиз, аны сугарууда (лейка) түтүк менен эмес, кадимки желим бөтөлкө менен сууну куюп, үстүнөн урукту чачабыз. Ылай топуракка түшкөн уруктар жылышып кетпейт, ал эми үстүнө биогумус, компост жана кыкты элеп туруп себүү керек. Үстүн өтө коюуу кылбай, 5-6 см ге чейин жасоого болот. Ал уруктун чоң кичинесине жараша жасалат. Ушундан  бети каткалаң болбой, жакшы өнүп чыгат, жер бат жылыйт жана көчөт өскөндөн кийин булар азык зат болуп калат. Мына ошентип отуруп көчөттү сугарып, отоп, зянкечтерден арылтабыз. Качан көчөт даяр болуп, 6-7 см болуп өскөндө талаага көчүрөбүз. Жер 15-16 гр чейин жылуу болуусу шарт. Ал эми аралыктары сортуна жараша отургузулат. Мисалы үй шартында аралыктары жакын отургузулуп калат, ошол учурда бири-бирине көлөкө түшүп куурап кетпөөсү үчүн, аларды өйдө тартып тирегиштерди орнотуп байлап коюуу керек. Анан өз убагында жыйнап алабыз, анткени өтө бышып кетсе да даамынан кетип, чирип кетет.

БАДЫРАҢДЫ ҮЙ ШАРТЫНДА ӨСТҮРҮҮ

Бадыраңдын  помидорго салыштырмалуу тамыры 50 см ашпаган  начар өнүккөн өсүмдүк. Кокус тамыры бир жеринен үзүлүп калган болсо соолуп калышы мүмкүн, абайлаңыз. Эгер көчөт жолу менен отургуза турган болсок, жерге түз сепсек да болот. Бадыраңды ар кандай идиштерге өстүрүп алууга болот. Топурагын борпоң кылып, урукту салабыз. Топурак аралашмасы 40% топурак болсо, 40% чириндилер, кум менен кырындыны 10%тен кошулат. Мунун аркасында топурак борпоң болуп, суу сиңимдүү болот.  Мына ушундай топурак аралашмаларын стакандарга толтурабыз дагы, кичине оюп туруп, бадыраңдын бир уругун бир стаканга салабыз. Ал урук чоңойгондон кийин идиштерден бошотуп, жерге көчүрөбүз. Жерди оюп алып, кык салабыз.  Эгер күн өтө жылый элек болсо,  кургак топуракты үстүнө жабуу керек, себеби  ным учуп кетпей, каткалаң болбойт.  Мындан улам бадыраң тездик менен жан алып кетет. Бадыраң  помидорго караганда эрте бышкан жашылча болуп эсептелет.

КАМ КӨРҮҮ

Бул жашылчага да башка өсүмдүктөр сыяктуу кам көрүлөт. Сугаруу, түптөө, жумшартуу жана азык зат берүү. Эгер азык зат жетпесе ал соолуп калышы толук мумкүн. Мисалы  калий жетпей калса жалбырактар куурай баштайт. Башка микро, макро элементтерди да берүү зарыл. Бадыраңга биогумус дагы  берсек болот. Ушуларды берүү менен  жакшы түшүм алууга болот.  Эми помидор, бадыраңдын сырттан көптөгөн турлөрү келип жатат. Бул түрлөрдүн ар кандай шартка, ооруларга, туруктуу болгону менен, даамы жана  сапаты жагынан начар болуп, ичтери бышпай жашыл болуп калууда. Кабыктары катуу. Ооба  базарга ылайык бирок, булар кандай жол менен алынып келип жатканы белгисиз.  Сиз үрөн алып жатканда эң жакшысын тандасаңыз өкүнбөйсүз, мисалы биринчи бышкан помидордун эмес, экинчи, үчүнчү бышкан помидордун уругун алуу керек. 

Ар дайым температураны көзөмөлдөп туруу абзел       

Помидор,  бадыраңды өстүрүүдө 26-28 гр болушу керек жана ар дайым температураны көзөмөлдөп туруу абзел.  Азыр көбүнчө кыш мезгилинде жаңы өсүмдүк өстүрүп бизнесс кылгандардын саны көбөюп жатат. Күнөскана курууда ошол жердин климатына дыкат көңүл бурбаса, баштаган бизнес текке кетиши мүмкүн. Мисалы, суук аймактарда үч тарабы дубал болгону туура. Маселен, кыштын күнү эрте жазда өсүүчү мөмөлөрдү өстүрүү кирешелүү ишкерлик тармагына кирет. Бирок анын мээнети да оор. Ошону менен катар эле бул тармакты жакшылап билбесең, түшүм ала албайсың. Алгач күнөскана кайсы жерге курулуп жатат, ошого маани берүү керек. Үч тарабын таштан же калыңдыгы 70 сантиметрге жеткен ылай-дубал менен тосуп алуу керек. Мындан сырткары, күн чыгыш жакка каратып, бир тарабына кыйшайып турган күнөсканалар да бар. Буларда жылуулук жакшы сакталып, суук аймактарга курулат. Күнөскананын узундугу 15, туурасы 5-6 көп болсо, сегиз метрден ашпоосу зарыл. Өтө чоң куруп салганда да тиешелүү деңгээлде түшүм жыйнай албай калат. Экинчи маселе урук себиле турган топуракты жана күнөскананын ичин дезинфекциялап алуу керек. Ал үчүн горчица же эрмен, ачуу калемпир, сарымсакты ысык сууга чылап, демдеп, муздаган соң чыпкалап алып эритмени топуракка чачып чыгуу керек. Болбосо алгач горчицаны өстүрүп коюп, ал бир карыштай көтөрүлүп калганда өсүп турган ордунда эле майдалап кетмендеп салса болот. Мындан башка күкүрт кычкылы же атайын дарылар менен дезинфекцияласа да жакшы жардам берет — деди  Кызайым Эргешова.

Адис ошондой эле өтө суук аймактарда жерди бир метрге чейин чукуп күнөскана жасаса болорун кошумчалады.

Булак: argument.kg

 

Аргумент.kg