“Кыз төрөгөнүм үчүн мен басынышым керекпи?”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмуш жолуна аттанганыма билинбей он эки жылдын жүзү болду. Ушул аралыкта үч кыздуу болдук. Күйөөм экөөбүз тең иштейбиз. Эки кызым мектепте, үчүнчү кызым бала бакчага барат. Акыркы кезде күйөөм уул төрөгөн аяштарын “Султанша” деп атап калды. Конокко барганда да күйөөм төрт эркеги бар аяшымды “Султаншанын жогорку сорту” дегенин угуп калдым. Эркеги бар үчөөнү дайыма төргө өткөрүшүп, аларды “Султаншалар” дешет. Ансайын ичим тызылдап, алардын отурушуна баргым деле келбей калды. Бир отуруштан келгенден кийин күйөөмө “эмнеге элдин көзүнчө мени кемсинтесиң?” десем, “уул төрөй албасаң, тукум улай албасаң, ошого татыктуусуң” дейт. Демек, кыз төрөгөнүм үчүн мен басынышым керекпи?

Динара

Аргумент.kg