Кыз наристени таштабай мага бергилечи

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир уулдан кийин катуу ооруп төрөй албай калдым. Жолдошум болсо уулга каганат кылып үй-бүлө очогун өчүрбөй келет. Жакшы адам менен жашоодо кыйынчылыктарды жеңил көтөрөт экенсиң. Эки жолу жолдошума өзүм ажырашууну сунуш кылдым. «Бир бала менен байланмак белең башкага үйлөнуп көп балалуу бол»-десем «көп балалуу болом деп, бир баланын тагдырын талкалап жетим атка кондурмак белем, кудай берем десе бир уулдан деле берет, бербейм десе он балалуу болсон да жалгыз каласың»-деп көнбөй койду. Азыр уулум он төрткө чыгып калды. Кудайга шүгүр, акылдуу, тушүнүктүү. Эми жолдошум экөөбүз кыз бала багып алсакпы деп жатабыз. Тагдыр ар турдүү болот, наристени бага албай турган шартта жургөн кош бойлуу келиндер кыз болсо мага бергилечи. Колумдан келишинче тарбиялап, тууруна кондурууга кудуретим жетет.  Балдар үйундө эне мээримине зар болуп же бейажал өлуп калганча ошол кыз менин үйумдө коногум болуп жашасын, бактылуу балалыкты өткөрсүнчү.

Аргумент.kg