Кыяз Молдокасымов: “Кытайдан 10 миң бетке чейин жаңы архивдик документтер табылган, алар которулбай турат”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Кыяз мырза, багыңызды сатып, анын акчасын тарыхка жумшаганы жатканыңызды социалдык түйүндөрдөн окуп калдык. Ошончолук зарыл, чоң долбоор болуп жатабы?

— Кытайдан 10 миң бетке чейин жаңы архивдик документтер табылган, алар которулбай жатат. Эгер ошолорду котортуп алып келип алсам, ал Кыргызстандын келечеги үчүн менин багыма караганда да чоң пайда алып келет. Анан Ташкент менен Алматынын архивин да биротоло жыйынтыкташым керек. Ошон үчүн багымды сатып, акчасын тарыхка жумшайын деген ниетим бар. Кардарлар келип жатат, ошолордун арасынан жакшы вариантын тандайм го. Буларды намыска чакырып, бир аз акча бөлөбү (?) десем, бөлчүдөй эмес. “Багыңызды сатпай эле коюңуз, акча табылат” деп айткандарына үч ай болду, бирок, каражат бөлүнүшү кыйын болууда.

— Мекенчилдик демилгеңизге “бали” гана деш керек. Бирок, бул мамлекеттик маанидеги иш болуп жаткандан кийин, каражат да бюджеттин эсебинен бөлүнүшү керек го?

— Туура. Бирок, ачыгын айтканда, ошону түшүнбөй жатышат. Садыр Нургожоевич менин үч жолку жазган катыма “акча бөлүнсүн” деген виза коюп берген. Бирок, аны берки жактагылар аткарган жок. Менин деле демим сууп калышы мүмкүн да. Кытай менен түзүлгөн келишимдин аткарылышы үзгүлтүккө учурап калса, мындай мүмкүнчүлүк кийин болбойт. Кытайдагы архивдик материалдарды алып келип алуу – биздин тарыхыбыз үчүн өтө керек. Мамлекет муну түшүнгөнчө дагы он жыл өтүп кетсе, андан кийин кеч болуп калат да. Мен ушуга чочулайм.

— Ошондо канча акча керек?

— Бөлтүрүков ижарага айына 10 млн. сомдон төлөп атпайбы. Бизге да үч жыл он миллион сомдон бөлүп берилсе, үч жылдын ичинде котортуп, Кыргызстанга даяр документтерди алып келип тапшырат элем. Бирок, таап бере алышкан жок. “Мурас” фондусунда айлык бербей, кызматкерлердин көпчүлүгү башка жумуштарга кетип калышты. Азыр экөөбүз эле калдык.

Эгер мамлекет каражат бөлсө, жалаң кытай тилин билген адистерди алып келип, архивдин үстүндө гана иштейт элек. Кытай менен азыр деле иштешип жатабыз. Кыргыз тарыхынын үч миң жылдыгын далилдеген жыйнакты которгонго каражат таап бере албай коюшту эле, кытай тарап өзү каражат таап, котортуп баштады.

Эгер бүтүп калса, өзүнчө китеп кылып чыгарабыз. Ал эми архивдик документтер мен жана жогоруда айткандай, 10 миң бетке жакын. Алар жаңы кытай тилинде эмес, эски кытай тилинде. Анын которгон адистер бир эле Кытайда бар.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg