Кыяс Молдокасымов: Горький көчөсүнө шейхтин эмес Элмирбек Иманалиевдин ысымын ыйгарсак.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.

«Эгемендүүлүк жылдары Бишкектеги көчөлөрдүн аталышы көп эле өзгөрдү. Азыр да өзгөрүү уланып жатат. Эми кезек Горький көчөсүнө жетип талкуу жаратты. Горький көчөсүнүн Алма-Ата же 7-Апрель көчөсүнүн чыгыш жак бөлүгү мурда Анкара көчөсү деп аталган.

Эми мурдагы Чынгыз Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү Бириккен Араб Эмиратынын биринчи Президенти шейх Заиддин ысмына которулганы жатат. Шейх Заид дүйнөдөгү таанымал инсандардын бири. Реформатор. Кыска аралыкта жакырчылыкка баткан, какыраган чөлдөгү келечеги бүдөмүк өлкөнү өнүкөн өлкөгө айландырганы тарыхта белгилүү. Анын көсөмдүгүнөн, мыкты жетекчилигинен, лидерлик сапатынан көп нерсени үйрөнсөк болот.

Бирок буга чейин Бишкек шаарынын көчөлөрүнө ысмы ыйгарылган Махатма Ганди, Ден Сяопин, паркка аты ыйгарылган Мустафа Кемал Ататүрк сыяктуу дүйнөлүк лидерлердин ишмердигинен эч нерсени үйрөнө албадык го. Андыктан дагы бир даңазалуу инсандын ысмын коюу менен биз кандай ийгиликтерге жетебиз? Алар өздөрү ысымдарын коюуга муктажбы? Саясатты көздөгөн аракетибиз акталабы? Эгер өлкөбүз көчөгө ат койгондон эле өзгөрүп кетсе, анда Ли Куан Ю, Саакашвили сыяктуу мыктылардын ысымдарын деле коюп албайлыбы?

Балким Горький көчөсүнөн Анкара көчөсүнө өтүп, түз Туңгуч кичи шаарчасына барганда ал жердеги кабат үйлөрдүн биринде жупуну жашоосун өткөргөн, ар бир кыргыздын жүрөгүнө жакын Эл Акыны, маркум Элмирбек Иманалиевдин ысмын эле ыйгарып алсак кантет?!», — деди Молдокасымов.

Аргумент.kg