Кыргыз жараны милиция кызматкерин сабап салган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Москва шаарында мас абалдагы кыргыз жараны милицияны сабап койон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта,  окуя Царицыно аймагында катталган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары эки жаран балдар ойноочу жайда арак ичип отурушканын билдиришкен.  Милиция кызматкерлери келгенде алар бир топ кызуу абалда болушкан. Аларды алып кетүүгө аракет кылышканда экөө аларга каршылык көрсөтүп, орой сөздөрдү айтышкан. Ошондой эле тартип бузуучулардын бири милицияга кол көтөрүп, биринин таякчасын жулуп алып сабаганга аракет кылган. Бирөө качып экинчиси кармашкан.  Кармалгандардын бири 28 жаштагы кыргызстандык жараны болгон. Ал эми милициянын бири ар кандай жаракаттан улам ооруканага жатууга мажбур болгон. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Аргумент.kg