​Кытайлык компания КРда сүт азыктарынын өндүрөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 24-январда премьер-министри Сапар Исаков Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында кытайлык «Yili Industrial Group» сүт компаниясынын башкы директору Чжан Цзяньцю менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын айыл чарба тармагына, тактап айтканда, өлкөнүн сүт өнөр жайына инвестициялоо жаатындагы биргелешкен кызматташтыгынын келечеги талкууланды.
Өкмөт башчы атамекендик сүт индустриясынын учурдагы абалы жана анын өнүгүү келечеги тууралуу жалпы маалымат берди.
Премьер-министрдин айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен атамекендик сүт продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн өз ишканаларын кеңейтүүгө жаңы мүмкүндүктөр ачылды. Бул жалпы тармактын өнүгүүсүнө оңдуу таасирин тийгизмекчи.
Ал эми Чжан Цзяньцю белгилегендей, компания Кыргызстан рыногуна кирүүгө кызыкдарлыгын жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн ички рыногуна инвестициялоо тууралуу бирдиктүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргызстандын аймагында кургак сүт жана сүт азыктарынын башка түрлөрүн өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгуу тууралуу макулдашышты

Аргумент.kg