«Кысчу жерин кысып, элдин канын ичпей мыйзам чегинде ишти алып барсын». Депутат кимге ачууланды?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кара-Суу» базарындагы 5 гектар жерди мамлекет кайсы бир фирмага берип койгон. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат фирманын ээси ким экенине кызыкты.

«Эмне үчүн ал жерди мамлекет өзү иштетпейт? Фирманын ээси энесине каттатып иштетип жатат. Анысы аз келгенсип, кызыл китеби бар элдерди какшатып, жанындагы 7 гектарды алып алган. Атын атабай эле коёюн, бир адам бар экен ит каап алса да Бишкеке чалат экен, мени ит каап алды, токтоткула деп. Эртең анын баарына мыйзам алдында жооп берет. Ал Бишкектеги үлкөн-үлкөн адамдардын атын атап жатыптыр. Мындай «беспредел» болбойт, биз буга жол бербейбиз. Ошон үчүн кысчу жерин кысып, элдин канын ичпей мыйзам чегинде ишти алып барсын. Алган 5 гектар жерди кайра мамлекетке кайтарып берсин. Ал жерден чатак чыгат деп, 3-4 айдан бери эскертип келе жатабыз укпай койдуңар. Эл араң эле турат», — деди Түлөбаев.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров Кара-Суу районундагы «Кара-Суу» базары боюнча сөз козгогон. Анын айтымында кызыл китеби бар жарандардын арызы Жогорку Сотто бүгүн каралат. Буга байланыштуу Мадумаров өкмөттүн параменттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, көңүл буруп коюсун билдирди.

Аргумент.kg