Кырсык болуп 5 адам жабыр тарткан.№135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Бишкекте жол кырсыгы болуп, жүргүнчүлөрү жабыркаган маршрутканын айдоочусу М.Омор уулу иштен алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Унаасы жагдайлар такталганга чейин айып аянтчасына токтотулду.

Эскерте кетсек, Бишкектин Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрдү ташыган №135 маршрутка менен “Хюндай Соната” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, алардын төртөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү болсо, бири жеңил унаанын айдоочусу болгон.

Аргумент.kg