Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин автоунаасы уурдалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

10-октябрга караган түнү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин дипломаттык номерлүү, “Тойота Хайландер” үлгүсүндөгү автоунаасы уурдалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Мекеме окуя болгон жерге Украинанын Ички иштер министрлигинин Печер аймактык башкармалыгынын тергөө тобу келип, ишти иликтей баштаганын билдирди. Факт боюнча Украинанын Кылмыш-жаза кодексинин 289-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги уурдалган автоунааны издеп табууга мүмкүн болушунча көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп, Украинанын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.
Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Жусупбек Шарипов иштейт.
Булак: Азаттык

Аргумент.kg