Кыргызстандын тышкы саясаты Мадумаров мырзанын пикирине жараша болуп өзгөрбөйт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Адахан Кимсанбаевичтин Кыргызстан ОДКБ мүчө өлкө, америкалыктардын Баткенге келишине Орусия кандай карайт деп азармандан безарман болушунун өзү өтөт кооптуу. Анткени Мадумаров бул сөзү менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө доо кетире турган сөз. Мадумаров көчөдө жүргөн бирөө болсо бир жөн эле, ал Жогорку Кеңештин депутаты, бир партияны жетектеген лидер эмеспи. Кыргызстан тышкы саясатын эч кимдин көзүн карабай жүргүзүүгө укуктуу өлкө. Анын үстүнү Жамааттык Кызматташуу Уюму деген аты эле болбосо ал уюм автаритардык бийликти сактап берүүчү эле уюм экендигин бир нече жолу көрбөдүкпү?! Ошондуктан биздин тышкы саясатыбыз Мадумаров мырза сыяктуулардын сөзүнөн же кайсы бир өлкөнүн кабак кашынан эмес, өз өлкөбүзгө пайдалуу кырдаалга жараша болушу абзел.

Автор Рай Керки

Аргумент.kg