Кыргызстанда канча кытай бар?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыркы күндөрү коомдо кытай маселеси курчуй баштады. Албетте, саясий топтордун кызыкчылыгы менен көтөрүлүп жатканы жашыруун эмес. Ошондой болсо да факты деген өжөр нерсе эмеспи, статистикага бир көз чаптырып койолук. Айтсак, 2018-жылы өлкөбүзтө 35 215 кытай жараны кирип, кайра 34 436 кытай жараны чыгып кеткен. Бул 2017-жылга салыштыра караганда кыйла азайган. Мисалы, 2017-жылы 41307 кытай жараны кирип, 40 690 жаран чыгып кеткен. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда былтыркы жылы Кыргыз Республикасынын визасын 21017 кытай жараны алган, мунун 14492 электрондук виза. 2017-жылы 12 310 визаалынган, анын ичинде 1013 электрондук виза болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) Кытай жараны алып, алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксат алган. 2010-2018-жылдары бардыгы болуп Кыргызстандын 60 жараны Кытайдын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан (никелешүү тууралуу күбөлүктү алышкан). 2010-2018-жылдарда жалпысы болуп 268 Кытай жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар.
Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg