Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус жуктуруп алды

28-чын куран, 2020-ж // //

28-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 13 адам аныкталды. Ошентип, илдетке  чалдыккандардын жалпы саны 708 болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы катталган учурлар:

  • Бишкек ш. – 3
  • Чүй облусу – 6
  • Нарын облусу — 2
  • Жалал-Абад облусу — 2

Оору жуктуруп алгандардын арасында 2 медицина кызматкери бар.Сутка ичинде 21 бейтап үйүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны — 416. Стационарда 284 адам жатат, анын ичинде 12 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда.