Кыргызстанда биринчи жолу оронгон депутат айымга мандат берилет
17-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКР Парламентине биринчи жолу оронгон депутат айым келди. Динара Ашимова “Ыйман нуру” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Динара Ашимова 1973-жылы 3-февралда Ош облусунун Кызыл-Коргон айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу 1996- жылы башталган. Бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп келген.