Кыргызстанда азык-түлүк таңсыктыгы жаралбайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар. Бул тууралуу маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

“Калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген. Ал 230 миң үй-бүлөнү түзөт. Бүгүнкү күндө иш уланууда. 7 миң тоннага жакын ун дагы таркатылды. Азыр ун, өсүмдук майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат”  дейт министр.

Аргумент.kg