КЫРГЫЗСТАНДА 6 ЖАШТАГЫ 1 БАЛАДАН, 14 ЖАШТАГЫ 1 ӨСПҮРҮМДӨН КОРОНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн республикалык штабда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.
2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 42ге жетти.
Коронавируска шектелип ооруканага жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин-деп Арыба.кж билдирди

Аргумент.kg