Кыргызстан профсоюздар федерациясындагы жемкор, паразиттер

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Профсоюздун ичи чырга чырмалганы калың калкка маалым болуп калды. Бул ийири уюм элди коргогондун ордуна кордоп жатканы да белгилүү. Ким келбесин, чу дегенде эле пансионат-курортторго колун кекиртегине чейин малып, акыры каалаган жерин өзүнө чапчып алып тим болот. Мындай кылыктарды азыркы төрага да, ага чейинки жетекчилер да кылып жатышат. Бирок азыр кепти башкага буралы дегенбиз, коомчулук билбеген нерсеге. Кыргызстандын профсоюздарында, деги эле профсоюз мүчөлөрүнүн арасында – “профсоюздук туризм” деген түшүнүк бар. Он жылдап, жыйырма жылдап профсоюздарда иштеген, тагыраак айтканда өздөрүнө гана иштеген лидер сөрөйлөр жылда бир нече жолу америкалап, европалап Кыргызстан профсоюздар федерациясынын эсебинен саякаттап-сайрандап келишет. Анан келип алып, семинар-тренингтерге катыштык деп, бир папке кагаз көтөрүп келгени болбосо, башка пайда жок. Коомчулукка дагы бир суроо берет элек, ушундай жемкор, паразит уюм элге керекби?!
Жарандык активист, Калысбек Айкынов.

Аргумент.kg