Кыргызстан коррупция индексинде 132-орун алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны иликтеген «Transparency International” уюму жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында Кыргызстанды 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга жайгаштырды.
Былтыр Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 135-орунда болчу.
Бирок өлкөгө «Transparency International” берген упай өзгөргөн жок. Ал быйыл да былтыркыдай эле 29 бойдон калды.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан Кыргызстандан алдыда, 124-орунда. Тажикстан Кыргызстандан кийин 152, Өзбекстан 158, Түркмөнстан 161-орунга коюлган.
«Transparency International” өзүнүн жаңы баяндамасында Борбор Азия менен Чыгыш Европада, мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин азайтуу ишинде олуттуу жылыш жок болуп, бул өз кезегинде аталган аймактарда демократияга коркунуч туудуруп жатканын белгилейт.
Баш кеңсеси Берлинде жайгашкан уюм быйылкы баяндамасындагы 180 мамлекеттин үчтөн экиден ашыгына 50дөн аз упай берген.
«Transparency International” иликтөө өткөрүлгөн жана сурамжылоо жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик секторундагы коррупция көрсөткүчтөрүн же өзү атагандай “коррупцияны өздөштүрүү индексин” 0дөн 100 упайга чейинки ченем менен эсептейт.
Мында нөл упайлык көрсөткүч мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээли абдан жогору, 100 упай абдан төмөн дегенди туюндурат.

Аргумент.kg