Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын электр энергиясыз калышы: Авариянын себеби айтылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергосистемаларынын өкүлдөрү кирген атайын комиссия ушул жылы 25-январда Борбор Азиядагы бириккен электр шакекчесинде болгон авариянын себебин аныктады.

Казакстандын электр тармактарын башкарган «KEGOC» компаниясы билдиргендей, аварияга Өзбекстандагы электр энергиянын өчүшү себеп болгон. Тактап айтканда, 25-январда Нур-Султан шаарынын убактысы боюнча саат 11:59да Өзбекстандын Сырдарыя Жылуулук электр станциясы менен «Ташкент» 500 кВ көмөкчү чордонун байланыштырган жогорку чыңалуудагы линиянын ажыраткычында (разъединитель) кыска мөөнөттүү чыңалуу болгон. Ал Сырдарыя ЖЭСиндеги генерациянын төмөндөшүнө, анын карамагындагы электр тармактарынын иштен чыгуусуна алып келген. Ошондой эле Казакстандын 500 кВ болгон Түндүк—Чыгыш—Түштүк бирдиктүү электр энергия системасына 2100 МВт күч келген. Бул нормадан 7 эсе көп болчу.

Андан соң «KEGOC» компаниясынын электр тармактарынын жана Казакстандын түштүгүндөгү электр станцияларынын аварияга каршы автоматикасы иштеген. Бул Казакстандын түштүгүндөгү жашоочулардын толугу менен электр энергиясыз калуусунан сактаган. Башкача айтканда, Казакстандын түштүгүндөгү 60 пайыз элде электр энергиясы өчкөн эмес. Бирок Өзбекстан менен Кыргызстандын энергосистемасы толугу менен өчкөн.

«KEGOC» компаниясы белгилегендей, Казакстанда электр энергияны кайра берүү иштерине 4 саат кеткен. Ал эми Кыргызстандагы энергосистема бир суткадан кийин, Өзбекстандын энергосистемасы 4 суткадан кийин калыбына келтирилген.

Аргумент.kg